Иранда коронавирусту аныктап, жок кылуучу спрей жасалды

Ирандык окумуштуулар коронавирусту жок кылган спрей жасашты.

ИРНА агенттиги билдиргендей, бул дары-дармектин бет ачары Тегеранда өттү.

Белгилей кетсек, спрейди маскага же кийимге чачкандан кийин коронавирус аныкталып, атайын жол менен вирус жок кылынат.

Жакын арада дармек Ислам Республикасынын аймагында массалык түрдө өндүрүлүп, жайыла баштайт деп күтүлүүдө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Иранда пандемия башталгандан бери 2,4 миллиондон ашуун коронавирустук инфекция учуру аныкталып, 71 миңден ашуун адам каза болду.
 

Ошол эле учурда өлкөдө дээрлик 800 миң адам коронавирустук вакцинанын жок дегенде биринчи дозасын алышкан жана 204 миңден ашуун ирандык толугу менен эмдөөдөн өткөн.

Комментарий жиберүү