Ирандын ШКУга толук мүчө болуусу Батыштын изоляциялоо аракетин токтотот

Кечээ, 2-декабрда Ирандын Исламабаддагы элчисинин орун басары өз өлкөсүнүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө болушун аймактык жана эки тараптуу деңгээлдеги маанилүү кадам деп атады.

Мохаммад Сорхаби Исламабаддагы Регионалдык изилдөөлөр институту уюштурган “Ирандын ШКУга мүчөлүгү – мүмкүнчүлүктөр” аттуу вебинарда сөз сүйлөдү.

Ал Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болуу тууралуу арызынын кабыл алынышы маанилүү кадам болгонун жана уюмдун калган мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүдө оң роль ойной тургандыгын белгиледи.

“Ирандын Ислам революциясынан кийинки биринчи аймактык уюм катары Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болушу Тегеранга өзгөчө коопсуздук жана эл аралык кызматташуу жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет”, – деди дипломат.

Мохаммад Сорхаби белгилегендей, Ирандын ШКУга мүчө болушу кээ бир Батыш державаларынын, анын ичинде АКШнын  Иранды изоляциялоо боюнча ишке ашпай калган долбоорунун иш жүзүндө аякташын билдирет.

“ШКУ маданият, экономика, саясат жана коопсуздукту камтыган көп кырдуу уюм. Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна ири аймактык держава катары катышуусу уюмду күчтүүрөк кылат”, – деди Ирандын өкүлү.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Тажикстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунда Иранды жаңы мүчө катары кабыл алуу процедурасын баштоого старт берилген.

Комментарий жиберүү