Ирандын эскертүүсү: Кошумча протоколду бир жумадан кийин четке кагабыз

Ирандын өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине мүчөлүгү кала берүүдө.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү эскертүү берип, өзөктүк келишимдин башка тарабы кийинки жумага чейин өз милдеттенмелерин аткарбаса, анда Иран өкмөтү кошумча көзөмөл протоколунун өз ыктыяры менен аткарылышын токтотооорун билдирди.
Иран ТИМнин өкүлү Саид Хатибзаде 15-февралда өткөргөн маалымат жыйынында Иран парламентинин 21-февралдагы чечимин тараптардын милдеттенмелерин аткаруу акыркы мөөнөтү деп белгилеп, мындай деп кошумчалады: “Бул токтомго ылайык, эгерде экинчи тарап өз милдеттенмелерин ошол күнгө чейин аткарбаса, Иран өкмөтү Кошумча Протоколдун ыктыярдуу аткарылышын токтото турууга милдеттүү.” “Албетте, бул бардык мониторингдин аяктаганын билдирбейт, ошого жараша Ирандын өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине мүчөлүгү сакталып кала берет, бирок Кошумча Протокол убактылуу токтотулат”, – деп кошумчалады Иран ТИМ өкүлү.

Белгилей кестек, Хатибзаде Ирандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташтыгы уланаарын кошумчалап мындай деди: “Бул чаралардын бардыгы башка тараптар өз милдеттенмелерин сактаса, артка кайтарылат, ошол эле учурда Ирандын өзөктүк иш-аракеттердин тынчтык мүнөзүнө карата позициясы өзгөргөн жок”.

Кошумча протоколдун аткарылышын токтотуу; Ирандын “өзөктүк келишим” кемчиликтерине каршы кийинки кадамы болгон Кошумча протоколдо эмне деп жазылган? Кошумча Протоколго ылайык, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик мүчө мамлекеттердин өзөктүк иштерине байланыштуу бардык иш-чараларга толук мүмкүнчүлүк алат.

Эске салсак, Иран Кошумча Протоколго 17 жыл мурун МАГАТЭнин өзөктүк объектилерине баруусуна мүмкүнчүлүк түзүп, ишенимди бекемдөө максатында “өз ыктыяры менен” кол койгон.

Комментарий жиберүү