Иран жаңы канаттуу ракета жана учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн эки жаңы жетишкендиги, тактап айтканда, “Хайдер-1” аттуу канаттуу ракетасы жана “Хайдер-2” деген учкучсуз учагы көрсөтүлдү.

Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды.

Иш-чара Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, бригадалык генерал Мухаммад Багеринин өлкө армиясынын 313-стратегиялык учкучсуз учак базасына болгон иш сапарынын алкагында болду.

Биринчи жетишкендик Иран армиясынын Аба күчтөрүнө таандык “Каман-22” жана “Фатрас” учкучсуз учактары тарабынан алып жүрүүгө жөндөмдүү “Хайдер-1” канаттуу ракетасы.

Ракета 200 чакырым аралыкка жетет, ал эми бутага тийген учурда анын ылдамдыгы саатына 1000 чакырымга жетет. Ал ирандык учкучсуз учуучу аппараттан учура турган биринчи канаттуу ракета болуп саналат.

Экинчи жетишкендик “Хайдер-2” учкучсуз апараты тик учакта алып жүрүүгө мүмкүн болгон жүк ташуучу учкучсуз учак.

Буга чейин, анын тик учакка орнотулуп жаткан сүрөттөрү жарыяланган.

Белгилей кетсек, Иран өлкөсү Батыш тарабынан киргизилген санкцияларга карабастан өздүк өндүрүштөгү аскердик техникаларды жасоодо көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жатат. Өткөн аптада эле республика өз өндүрүшүндөгү “Симург” деп аталган жеңил аскердик транспорттук учагын көрсөткөн.

Өздүк өндүрүштөгү учак азыркы замандын талабына ылайык жаңыланып, өлкөнүн климаттык шарттарын эске алуу менен эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык жасалган.  Учак жүк ташууда, авиациялык тез жардамда жана куткаруу миссияларында да колдонулат.

Иран учкучсуз учуучу аппараттарды бир гана өлкө ичинде эмес, чет өлкөлөрдө да чыгара баштады. Май айынын орто ченинде Тажикстандын борбор шаары Душанбеде ирандык “Ababil 2” учкучсуз учактарын чыгаруучу завод расмий ачылган. Анын ачылыш аземине Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мухаммед Багери катышкан.

Комментарий жиберүү