Иран менен Аргентина БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз беришти

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде өлкө бийлиги БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз бергенин билдирди.

Бул тууралуу ведомствонун Telegram-каналында маалымдалды.

“Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ирандын президенти Раисини чакырды. Ал БРИКСтин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Биз БРИКСте мындан ары да пайдалуу боло алабыз жана топ дагы биздин баалуулугубузду арттырат деп үмүттөнөм”, – деп билдирди Саид Хатибзаде.

Маалыматка караганда, аталган топко ушундай эле арыз Аргентина тарабынан да берилген.

Иран менен Аргентина БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз бергенин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да өзүнүн Telegram-каналында тастыктады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында Кытай бийлиги БРИКСти кеңейтүүнү сунуштаган. Кытайдын ТИМи эл аралык уюмдун курамынын өзгөрүшү бирикменин таасирин жогорулатууга жардам берет жана ошондой эле тынчтыкты сактоого салым кошот деп эсептейт.

Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков РФ бирикменин кеңейишине оң көз карашта экенин билдирди.

Ал эми Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин өткөн аптада болгон уюмдун онлайн жыйынында БРИКСке (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) катышуучулардын санын кеңейтүү керек деген пикирин билдирген.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси 23-июнда БРИКСке төрагалык кылган Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий чакыруусу менен уюмдун онлайн жыйынына катышкан.

Комментарий жиберүү