Иран уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштайт

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынында өлкөсү уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштарын билдирди.

Бул тууралуу “EurasiaToday” агенттиги” ирандык басылмаларга шилтеме берип кабарлайт.

Өзөктүк келишим боюнча 5 + 1 тобунун биргелешкен комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Венага барган Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Сейед Аббас Арагчи кечээ, 13-апрелде өлкөсү уранды 60 пайызга чейинки денгээлде байытууну баштаганын жар салды. Анын айтымында, Иран кечээ күнү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы жетекчисине жазган катында уранды 60% байытууну баштай тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Ирандын Венадагы эл аралык уюмдардагы, анын ичинде МАГАТЭдеги элчиси жана туруктуу өкүлү Казем Гариб Абади Натанздагы уран байытуучу заводго жасалган чабуулдан кийин ал жерде жаңы муундагы машиналар орнотуларын жана ушул аптада дагы бир нече техникалык чаралар көрүлөрүн билдирген.

 Ирандын өзөктүк энергия боюнча агенттигинин расмий өкүлү Бехруз Камалванди өлкөсмү уранды 40%дан 60%га чейин байытуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, учурда уранды 20% байытуу үчүн IR1 машиналары колдонуларын, ошондой эле өлкөсүнүн IR4, IR2M жана IR6 центрифугаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген. Камалванди 11-апрель эртен менен “Fars” агенттигине берген маегинде Натанздагы уран байытуучу заводунда авария болгонун, анда заводдун электр бөлүштүрүүчү түйүнү иштебей калганын билдирген. Ал бул окуяда эч ким жабыркабаганын жана айлана-чөйрөгө зыян болбогонун айткан.

Ошол күнү кечинде Ирандын Атомдук энергия уюмунун башчысы Али Акбар Салехи Натанздагы окуяны айыптап, Иран ага катыштыгы бар кылмышкерлерге каршы чара көрүү укугун өзүнө калтырат деп билдирген. Иран бийлиги Натанздагы окуяны “теракт” деп атап, ал  үчүн Израилди айыптоодо.

Израиль бийлиги бул боюнча билдирүү жасай элек.

Комментарий жиберүү