Иран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жанданта турганын маалымдады

Ирандын тышкы иштер министрлиги өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жандантуу үчүн Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел 24-июндун кечинде Тегеранга келерин маалымдады.

“Иран менен Европа Биримдигинин сүйлөшүүлөрүнүн уландысы болуп саналган бул иш-сапарда эки тараптуу мамилелер, чөлкөмдүк жана эл аралык маселелер, санкцияларды алуунун соңку макамы талкууланат”, – деди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап, ортодо токтоп да калган эле.

Комментарий жиберүү