Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда адаттан тыш ысыктан улам 1700дөн ашуун адам каза болду.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы бюросунун башчысы Ханс Клюгенин бүгүн, 22-июльда жарыялаган билдирүүсүндө айтылат. 

Клюге токой өрттөрү учурда алыскы түндүктө, Скандинавияда дагы болуп жатканына тынчсызданып жатканын айтып, бул аптада Лондондогу өрттөн 41 үй жок болгонун билдирди.

Испаниянын айрым аймактарында абанын температурасы 45 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, он күндүн ичинде 1000ден ашуун испаниялыктар катуу ысыктан каза болгон.  Алардын көбү 85 жаштан ашкандар. 

Ал эми Португалиянын Пиньнан шаарында эң жогорку температура 14-июлда катталып, абанын температурасы 47 градуска жеткен.

Соңку убакта бир катар Европа өлкөлөрүндө аномалдуу ысык болдууда. Дүйнөлүк Метеорология Уюмунун (ДСУ) өкүлү Роберт Стефански Европадагы аномалдуу жогорку аба температурасы кийинки жуманын ортосуна чейин улана турганын билдирди.

Комментарий жиберүү