Италия, Франция жана Германиянын лидерлери Украинага барышты

Италиянын премьер-министри Марио Драги, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц Украинага барышты.

Бул тууралуу маалыматты италиялык телеканал RaiNews24 кабарлаганын РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, аталган каналдын таңкы жаңылыктарында Драги, Макрон жана Шольцтун поездде столдо баарлашып жаткан учурундагы сүрөтүн көрсөткөн.

Буга чейин чет элдик басылмалар украин жана француз өкмөттөрүндөгү булактар Драги, Макрон жана Шольц Киевге барууну пландап жатышканын маалымдаган.

Кийинчерээк алар Украинанын борборуна бейшемби күнү эртең менен поезд менен келээри белгилүү болгон.

Евробиримдиктин лидерлери Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушары күтүлүүдө. ЖМКлар маалымдашкандай, үч өлкөнүн лидерлери бул сапардын алкагында Зеленский менен Украинадагы портторду миналардан тазалоо жана дан коридорлорун ачуу маселелерин талкуулашмакчы.

Коопсуздук максатында бул сапар тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Буга чейин Киевге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон келип кеткен.  

Комментарий жиберүү