Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болгон

Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болуп, 4,5 миңден ашуун киши жабыркаган.

Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев билдиргенин Tengrinews.kz сайты жазды.
Маалыматка караганда, жабырланучулардын саны 4578ди түзсө, анын ичинен 4353ү жараат алган, алардын катарында 3393 полиция кызматкери бар.
“Өзгөчө абал учурунда өлкөнүн өлүкканаларына каза болгон 225 адам жеткирилген, алардын ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери. Каза болгондордун айрымдары ““террордук чабуулдарга катышкан, имараттарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салган куралдуу бандиттер”, – деп билдирди Шалабаев.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, каза болгон 225 адамдын 175и медициналык мекемелерде жан берген.

Комментарий жиберүү