Казакстанда бензин баасы Кыргызстанга караганда кыйла арзан. Эмне үчүн?

Кыргызстанда АИ-95 бензининин баасы 60 сомго жетип калды.

Бул Казакстанга караганда 18 сомго кымбат.

Бул тууралуу маалыматты Энергетика жана өнөр жай министрлиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, Казакстанда АИ-95 бензини 41,9 сомдон сатылууда. Бирок, аталган мекеме ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу майдын орточо баасы башка өлкөлөргө караганда төмөн экенин да баса белгилеп, Өзбекстанда АИ-92 65,5 сом, Арменияда 79,1 сом, Орусияда 54,2 сом турарын билдирген.

Бензин эмне үчүн Казакстанда бизге салыштырмалуу арзан?

Бул суроого “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов жооп берип, бир нече себебин атады.

Ал Казакстандын бийлиги нефть иштетүүчүлөргө колдоо көрсөтүп жаткандыктан өлкөдө күйүүчү майдын баасы айрым учурда өз наркынан төмөн сатылып жатканын айтты.

– Казакстандын өзүндө нефть чыккан соң өлкө керектүү көлөмдү эркин колдоно алат;

– Казакстандагы бардык нефть иштетүүчү заводдор модернизациядан өткөн, кубаттуулугу жогору;

-Бааларды бийлик көзөмөлдөйт. Тагыраак айтканда, чекене бааларды дагы өз наркынан төмөн коюп кое алат. Ошол эле учурда нефть сатуунун эсебинен нефть иштетүүчүлөргө компенсациялап берет.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан дээрлик бардык күйүүчү майды Орусиядан алат. Келечекте Казакстандан алып келүү жолдору дагы каралып жатат.

Комментарий жиберүү