Казакстандын президентине ким кол салган?

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) президент Касым-Жомарт Токаевге кол салууга шектүү адам ким экендигин аныктады.

Казакстандын улуттук коопсуздук комитети (УКК) республиканын президенти Касым-Жомарт Токаевге кол салууга даярдык көргөн шектүү адамдын ким экендигин тактады. Бул тууралуу 9-августта  «Экспресс К» газетасы билдирди.

Маалымат каражатынын билдирүүсүндө, мындан мурда ММКларда Казакстандын президентине жана башка бир катар жогорку кызматтагы чиновниктерге кол салууну уюштурган чет элдик агент мурдагы журналист Аян Атыгаев экендиги тууралуу маалымат пайда болгон. УККнын маалыматы боюнча, бул адам өлкө башчысына кол салууну уюштурууга шектүү экендиги тастыкталган.

«Аян Атыгаевге карата КРнын (Казакстан Республикасынын) кылмыш кодексинин 24-беренесинин 1-бөлүгү жана 255-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш ишин иликтөө жүргүзүлүүдө», – деп маалымат берилген ведомстводон.

Чет элдик чалгын кызматынын агенти Казакстандын президентине кол салгандыгы тууралуу УКК ушул жылдын 3-апрелинде билдирген. Кийинчерээк ММКда шектүү киллердин ким экендиги тууралуу маалымат жарыяланган.

Комментарий жиберүү