Калифорния мындай өрттү көргөн эмес – 500дөн ашык турак жай күлгө айланды

АКШнын Калифорния штатынын тарыхындагы эң ири токой өртү дагы деле уланууда, өрт өчүрүүчүлөр калктуу конуштарды өрттөн коргоого аракет кылып жатышат, деп жазат AP.

10-августка карата өрт 1000ден ашуун имаратты, анын ичинде 550гө жакын үйдү жок кылды. Гринвилл чакан шаарынын көбү өткөн аптада өрттөнүп кеткен.

“Дикси” өртү түндүк Сьерра-Невадагы 14 000дей имаратка коркунуч туудурууда.

Калифорниянын токой чарбасы жана өрттөн коргоо департаментинин маалыматы боюнча, 14 -июлда чыккан өрт шейшемби күнү 1983 чарчы километрге чейин көбөйгөн. Губернатор Гэвин Ньюсом түндүк округдарга өзгөчө кырдаал жарыялады. Алдын ала маалыматтар боюнча өрттүн келип чыгышына электр чубалгыларына бак дарактын кулашы себеп болгон. Бул боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

“Дикси” – учурдагы Калифорния менен Америка Кошмо Штаттарынын тарыхындагы эң ири өрт.

Комментарий жиберүү