Кыргызстанда канча киши Covid-19га каршы эмдөө алды?

Өлкөдө акыркы сутка ичине коронавирус менен 240 адам катталып, 2сү каза болду.

Eurasia Today  агенттигинин маалыматына ылайык, кытайдын «Beijing Institute of Biological Product Co.Ltd” компаниясынан чыгарылган коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасын бүгүнкү күндө 3807  кыргызстандыктар алды.
Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эмдөөнү Бишкекте 503, Ош шаарында 435, Чүй облусунда 432, Ош облусунда 1469, Ысык-Көл 217, Талас 10, Нарын 379, Жалал Абад 299 жана Баткенде 63 бейтап алган.

Белгилей кетсек, “Синофарм” вакцинасы эки ирет, 25-28 күн аралык менен сайылат. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөгө бул вакцинанын 150 миң дозасы алынып келинген.

Ал эми учурда өлкөдө коронавирустук абал курчууда жана акыркы суткада 240 адам катталып, экөөсү каза болду.

Эске салсак, пандемия учурунда Кыргызстан боюнча 90 839 адам коронавирус менен ооруган жана 1534 бейтап көз жумган.

Комментарий жиберүү