Кыргызстанда катышат. Тажикстанда АКШнын куралдуу күчтөрүнүн машыгуусу башталды

Тажикстанда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн “Аймактык кызматташтык – 2022” машыгуулары өтүп жатат.

Бул тууралуу “Аvesta.tj” маалымат агенттиги жазды.

10-августта аскердик машыгуунун катышуучуларын АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм тосуп алган.

Американын Борбордук командачылыгы тарабынан уюштурулган машыгуулар кечээ 10-августта башталган жана 10 күнгө созулат.

Аймактык кызматташтык – бул туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринин, АКШнын жана башка катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган көп улуттуу операцияларды чыңдоо максатында жыл сайын өтүүчү машыгуу.

Алгачкы алты күндүк командалык штабдык машыгууга АКШ, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан жана Өзбекстандын аскерлери катышат. Андан кийин Тажикстан менен АКШ Фахрабад окуу борборунда эки тараптуу талаа машыгууларынын беш күндүк компонентин өткөрүшөт.

Маалыматка караганда, машыгуулар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо, массалык кыргын салуучу куралдарды, террордук элементтерди жана баңгизаттарды кармоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.

COVID-19 пандемиясына чейин “Аймактык кызматташтык” машыгуулары 2004-жылдан бери жыл сайын катышуучу өлкөлөрдүн биринде, анын ичинде АКШда өткөрүлүп келген.

Комментарий жиберүү