Кыргызстанда тамекинин кесепетинен жыл сайын 6 миңден ашуун адам каза болот

Кыргызстанда жыл сайын тамеки чегүүгө байланыштуу ар кандай оорулардан 6 миңден ашуун адам каза болот.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда каза болгондордун 70%га жакыны жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана бронхопульмониялык оорулардан көз жумат.

Министрлик тамекини колдонуу жынысына, жашына, расасына, маданиятына жана билимине карабай, ар бир адамдын ден соолугуна коркунуч туудурарын кошумчалады.

Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаев онкология оорусу жыл сайын өсүп жатканын жана бул тамеки чегүүгө түздөн -түз байланыштуу экенин белгиледи. «Акыркы жылдары өпкө рагынан өлүмдүн саны боюнча өлкө 4 -орунда турат. Жаштар кальян, электрондук тамеки сыяктуу ар кандай тамеки буюмдарын чегүүнү абдан жакшы көрүшөт », – деди ал.

 Медициналык коомчулук бийликтен жарандардын ден соолугуна жана таза абага болгон укуктарын коргой турган мыйзамды колдоону суранууда.

Эске сала кетсек, 29 -июлда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди колдонуунун жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырышкан.

Азыр ал президенттик администрацияда каралууда. Документте, атап айтканда, коомдук жайларда, анын ичинде электрондук чылым, кальян жана аралашмаларды чегүүгө тыюу салуу киргизилген.

Комментарий жиберүү