Кыргызстанда эл аралык жоолук күнү өтүүдө (фото)

Бишкекте Дүйнөлүк “жоолук” күнүнө карата атайын азем өткөрүлдү.

Euroasia today агенттигинин кабарчылар тобу билдиргендей, Бишкектин Hayat резиденциясында 1-2 февралдарда  Umma журналы уюштурган “эл аралык жоолук” күнү өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, быйыл “Дүйнөлүк жоолук күнүнүн” өкүлү дайындалган “Умма” журналы, аялзатынын ыйык баш кийими болгон эл аралык жоолук күнүнө карата атайын жөрөлгөлөрдү уюштурду.
Аземге Кыргызстан муфтийинин орун басары, белгилүү теолог Кадыр ажы Маликов жана Умма журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Саттарова, жана ардактуу коноктор катышышты.
Аземге ошондой эле муфтияттын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов катышып, аял заттын деңгээли жана жоолуктун кадыр- баркы тууралуу сөз сүйлөдү.
Дүйнөлүк жоолук күнү 2013- жылы нью- йорктук Назма Хандын демилгеси менен уюштурулган. Ал эми Кыргызстанда 2016- жылдан бери өткөрүлүп келет.
Эске салсак, эл аралык жоолук күнү Ошто, Таласта жана Бишкекте орус тилинде жана кыргыз тилинде эки күн катары менен Хаят мейманканасында өткөрүлдү.

Комментарий жиберүү