Кыргызстандын тоолорунда чет элдик альпинисттердин өлүмү көбөйдү

Акыркы бир жуманын ичинде чет өлкөлүк төрт альпинист Кыргызстандагы Тянь -Шандын эң бийик – Победа жана Хан Тенгри чокуларына чыгуу учурунда каза болушту.

Июль-август айлары Тянь-Шанга чыгуу үчүн идеалдуу убакыт. Кыргызстанга дүйнөнүн булуң -бурчунан ондогон альпинисттер келет жана алар Победа жана Хан-Тенгри чокуларына барышат. 

Албетте, бардык спортчулар физикалык жана техникалык жактан даяр болушу керек жана 10-14 күндүн ичинде бийик тоолуу климатташтыруудан өтүшү зарыл.

Ар бир альпинист бийкке чыгуу менен байланышкан бардык тобокелчиликтерге кошулат, анткени Победа менен Хан-Тенгриде эң жогорку кыйынчылык категорияларга ээ.

Белгилей кетсек, бул ирет каза болгон альпинисттер үч башка экспедицияда болушкан (эки орус жана бир ирандык). 
Биринчи кырсык катталган Победа чокусунда (бийиктиги – 7439 м) бийктикке алпурушкан ирандык альпинисттердин тобу болгон. Чыгуу учурунда беш катышуучунун экөө каза болгон, алар – теги ирандык Улуу Британиянын жараны Мехри Жафари жана Ирандын жараны Реза Адинех.

Эске салсак, Мехри Жафари 4 -августта 6300 м бийиктиктен Важи Пшавела чокусунун боорунан кулап кеткен.Трагедияга андан анча алыс эмес жерде жүрүшкөн Венгриядан альпинисттер күбө болушкан. Күбөлөрдүн айтымында Жафари жапайы мөңгүнү көздөй кулаган.

Тик учактын катышуусундагы куткаруу операциясы ийгилик алып келген жок жана сөөк табылган жок.
Ал эми, 7 -августта израилдик альпинист, ирандык альпинист Реза Адинех 7000 м бийиктикте тоо кыркасынан кулап кеткенин кабарлаган.

Анын өлүмүнүн издери Победа чокусунун боорунун Кытай тарапка алып келген, бирок али сөөгү табыла элек.
 Эки өлүмгө карабай, калган ирандык альпинисттер Победа чокусуна чыгууну улантышты. Чокуга жеткенден кийин алар базалык лагерге түшүшкөн. 

Ошондой эле, 8 -августта Орусиядан келген альпинист Валентин Михайлов каза болгон. Санкт -Петербургдан келген альпинисттердин тобу “Абалаков жолу” боюнча – Победа чокусуна (7439 м) чыкканда – түндүк кырка тоосунда кыйынчылыктарга туш болушкан. Куткаруу отряды аларга жардамга келгенде Михайлов бар эле. Бирок, жабыркаган альпинисттердин түшүүсү учурунда Михайловду кар басып, ал чыга албай калган.

Мындан тышкары, 12 -августта Орусиядан дагы бир альпинисттин каза болгону белгилүү болду. Сергей жубайы Наталья менен Хан Тенгри (7010 м) бийиктикке көтөрүлгөн, ал эми ылдый түшкөндө Сергейдин ден соолугу начарлап баштаган. Ал, 6800 м бийиктикте ал өз алдынча кыймылдай албай калган.

8-августта алар Түштүк Эңилчек базасы менен байланышкан. Базалык лагерь мындай бийиктикте Наталья менен Сергейге эч кандай жардам бере албасын түшүндүрүп, күйөөсүн таштап, өзү тирүү калуу үчүн тез арада түшүп кетүүнү кеңеш кылды. Наталья базаны уккан жок жана күйөөсү менен калып, жардам күтүп калды. Кезектеги байланыш сессияларында базалык лагерь Натальяны күйөөсүн таштап, түшүп кетүүгө көндүрүүнү улантты, бирок андан майнап чыккан жок. 

Эртеси күнү куткаруучулар тобу 6800 метрге чыгып, курмандыктарды табышкан. 11 -августта Сергей каза болуп, Натальяны Түндүк Эңилчек базалык лагерине түшүрүү менен куткарышкан.

Комментарий жиберүү