Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде 140 өлкөнүн ичинен 100-орунду ээледи

  Кыргызстан 2022-жылга карата дүйнө өлкөлөрүндөгү мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде 0,46 упай топтоп, 140 өлкөнүн ичинен 100-орунду ээледи.

Бул тууралуу индексти түзгөн World Justice Project эл аралык бейөкмөт уюму маалымдады.

Өлкөлөрдүн мыйзамдуулук боюнча рейтинги сегиз категорияны эске алуу менен түзүлгөн. Анын ичинде демократиялык институттардын мамлекеттик бийликти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү, коррупциянын деңгээли, негизги адам укуктарынын сакталышы, мамлекеттик бийликтин ачыктыгы жана башкаларга көңүл бурулган.

Кыргызстан бул жылы өткөн 2021-жылга салыштырмалуу бир тепкичке ылдыйлады. Индексте адилеттик боюнча 2022-жылы 2015-жылдан берки эң төмөнкү упайга ээ болду.

Ошондой эле, Кыргызстан коррупция (0,3 упай, 127-орун) жана кылмыш-жаза системасы (0,33 упай, 114-орун) боюнча эң начар көрсөткүчкө ээ болду.

Ал менчикти коргоо боюнча КР эң жогорку көрсөткүчкө ээ (0,74 балл жана 64-орун). Бирок анда деле өлкө 2021-жылдагы төмөнүрөөк 107-орунду алган. Рейтингге Тажикстан менен Түркмөнстан кирген эмес.

Бул жылы Дания, Норвегия, Финляндия, Швеция жана Нидерландия дүйнөдөгү эң мыйзамдуу беш өлкөнүн катарына кирди. Тизмедеги ондукту толуктап Гаити, Конго Демократиялык Республикасы, Ооганстан, Камбоджа жана Венесуэла турат.

Комментарий жиберүү