Ван Кытай Элдик тышкы карым – катнаштар институтунун онлайн өткөргөн «Киссенжер жана Кытай-АКШ мамилелери» панелинде сөз сүйлөдү.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Америка Кошмо Штаттарынын өлкөсүнө каршы жүргүзгөн стратегиясы эки улуу державаны тирешүүгө алып келгенин жана мунун бүткүл дүйнөнү бөлүнүү жана баш – аламандыкка сүйрөө коркунучу бар экенин билдирди.
Ван Кытай Элдик тышкы карым – катнаштар институтунун онлайн өткөргөн «Киссенжер жана Кытай-АКШ мамилелери» панелинде сөз сүйлөдү.
АКШ жана Кытайдын орток жоопкерчилигинин айырмачылыктарга сый көрсөтүлгөн, орток коопсуздукка таянган дүйнөнүн жаратылышы экендигин айткан Ван : «Эгерде АКШ эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштарды чоң державалардын кагылышуусу катары аныктап жана саясий максаттарын оюнчулардын жетишкендиги жана жоготуулары нөлгө барабар болгон оюн түшүнүгү боюнча долбоорлоону уланта турган болсо, бул эки өлкөнү тирешүүгө, дүйнөнү да бөлүп – жарууга жана баш – аламандыкка жетелейт»,- деди.