Кытай өкмөтү Би-Би-Сиден кечирим суроосун талап кылды

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Улуу Британиядагы жаңылыктар тармагынын жокко чыгарылышына жооп кылып, Би-Би-Сиден коронавируска байланыштуу фейк жаңылыктарды жарыялаганы үчүн кечирим суроосун талап кылды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, бейшемби күнү Кытай өкмөтү Би-Би-Сини коронавирустун глобалдык жайылышын саясий эксплуатациялаганы үчүн сындады.
“Rasha Today” веб-сайты Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Би-Би-Сиге COVID-19 тууралуу “фейк маалыматтары” үчүн “катуу нааразычылыгын” билдиргенин жана кечирим суроосун талап кылганнын жазды.
Министрликтин айтымында, Би-Би-Си “глобалдык эпидемияны саясатташтырган жана Кытай айрым маалыматтарды жаап-жашырган деген божомолдорду токуп чыккан.
Кытай өкмөтү Би-Би-Сиге болгон нааразычылын Улуу Британиянын Телерадио берүүнү жөнгө салуу кызматы (OFCOM) Кытайдын чет элдик “Citizen” тармагынын лицензиясын жокко чыгаргандан бир нече саат өткөндөн кийин билдирди.
OFCOM бул кадамын Кытайдын түйүнү жаңылыштык менен Star China Media компаниясынын лицензиясы менен иштеп жаткандыгын жарыялаганын, бирок чындыгында “мындай лицензиянын ээлерин саясий топтор көзөмөлдөй албай турганын айтып түшүндүрдү. Ошондой эле, бул тармакты Кытайдын Коммунисттик партиясы көзөмөлдөп тургандыктан, өлкөдө иштей албайт деп баса белгиледи.
Эскерте кетсек, учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эл аралык эксперттер тобунан турган изилдөө тобу Кытайда коронавирустун келип чыгышын иликтеп жатат. Британиянын өкмөтү Кытайды коронавирустун жайылышы үчүн бир нече жолу сындап келген, бирок Улуу Британиянын коронавирусу деп аталган вирустун жаңы түрү бир нече айдын ичинде 70тей өлкөгө жайылды.

Комментарий жиберүү