Лавров Орусия Евробиримдик менен алаканы үзүүгө даяр экендигин жарыялады

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эгер Москвага каршы жаңы санкциялар киргизилсе, анда өлкөсү Евробиримдик менен байланышты үзүүгө даяр экенин эскертти.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Жозеп Боррел Евробиримдик Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин билдиргенден үч күндөн кийин  Лавров Европа Биримдигине анын кесепети жөнүндө эскертти. “Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Лавров бүгүн, 12-февралда Соловьёв LIVE YouTube-каналына берген маегинде эгер Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды киргизсе, Москва бул биримдик менен алакасын үзүүгө даяр экенин билдирди.

“Эгерде биз экономикабызга, анын ичинде экономикабыздын эң сезимтал тармактарына коркунуч келтириши мүмкүн болгон жаңы санкцияларды кайтадан көрө турган болсок, анда Европа Биримдиги менен байланышты үзүүгө даярбыз. Биз дүйнөдөн обочолонгубуз келбейт, бирок биз буга даяр болушубуз керек. Тынчтыкты кааласаң, согушка даяр болушуң керек”,  – деп баса белгиледи Лавров.

Орусия менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык карама-каршылыктардын күчөшүнөн жана  Европанын бир катар дипломаттарынын Алексей Навальныйды колдоо боюнча мыйзамсыз демонстрацияларга катышкандыгы үчүн Москвадан чыгарылышынан кийин, Боррел 9-февралда Орусияга каршы  санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин билдирген.

Комментарий жиберүү