Лавров: Польша Украинанын аймагын активдүү түрдө ээлей баштады

Россиянын тышкы иштер министри Сергей ЛавровПольша Украинанын аймагын активдүү түрдө ээлей баштаганын билдирди.

Бул тууралуу  РИА Новости жазды. 

“Азырынча биз Россия менен эч кандай диалогго жол берилбестиги тууралуу кеп болуп жатканда,  польшалык кесиптештер Украинанын аймагын активдүү өздөштүрүп жатканын көрүп жатабыз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, 9-июнда Россиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дмитрий Белик Польша методикалык түрдө Украинанын аймактарына колун сунуп жатат деген пикирин билдирген. Анын айтымында, өлкө ошентип өзүнүн империялык амбицияларын канааттандырууга умтулууда.

Буга чейин Россиянын Тышкы чалгын кызматы “Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн эгемендүүлүгүн Польшага өткөрүп берүүгө макул болгон окшойт” деп билдирген.

Анда Варшава Зеленскийди эң маанилүү мамлекеттик функцияларды көзөмөлдөөнү ага өткөрүп берүүгө түртүп жатканы белгиленген.

Эске салсак, май айынын аягында Украинанын президенти Киев менен Варшаванын ортосунда келишим түзүлгөн. 

Ага ылайык, Польша менен чек арадан өтүү жөнөкөйлөштүрүлөөрүн, эки мамлекеттин ортосунда эч кандай чек ара, тоскоолдук болбой турганын жарыялаган.

Комментарий жиберүү