Макрон “Коронавируска каршы дүйнөлүк согушта” Орусия жана Кытай менен кызматташууга чакырды

Франциянын президенти коронавирус пандемиясына каршы глобалдык күрөшүүдө Орусия жана Кытай менен иштешүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу кайталады.

ISNA агенттигинин РТ каналына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавируска каршы күрөшүүдө орусиялык жана кытайлык вакциналары дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда бекитилүүсү үчүн ар тараптуу кызматташуу керектигин баса белгиледи.
Макрон мындай деп кошумчалады: “Коронавируска каршы күрөш глобалдык   кызматташтыксыз ийгиликке жетпейт деп ишенем. Биз учурда убакыт менен атаандашып жатабыз. Эгерде тез жана эффективдүү глобалдык аракет болбосо, биз вируска болгон көзөмөлдү жоготобуз.”
 Эске салсак, өткөн жылдын август айында Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусиянын Инвестициялык Фонду менен биргеликте иштелип чыккан Covid-19га каршы биринчи дүйнөлүк вакцинаны каттады.

Комментарий жиберүү