Малайзияда температурасы жогору адамдарды атайын дрондор издешет

Малайзия бийлиги дене табы жогору адамдарды табуу үчүн дрондорду колдоно баштайт.

 Белгилей кетсек, инфракызыл датчиктер менен жабдылган дрон-сканерлер адамдардын температурасын 20 метрге чейинки бийиктиктен аныктап, дене табы бар экендигин эскертет.
Эске салсак,буга чейин өлкө бийлиги коронавируска каршы иш-чаралардын кеңири сакталышын камсыздоо максатында пилотсуз учактарды колдонушу мүмкүн экендигин эскерткен.
Пандемия башталгандан бери Малайзияда 616,8 миңден ашуун COVID-19 инфекциясы аныкталды жана 3,3 миңден ашуун бейтап каза болду.

Комментарий жиберүү