Мамдепартамент: АКШнын Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүшкө катыштыгы жок

АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркиянын айрым жогорку даражалуу аткаминерлеринин Вашингтондун 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деген айыптоолорун четке какты.

Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады. Прайс бүгүн эртен менен беш жыл мурун Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүшкө Вашингтондун тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагып, мындай билдирүүлөр эки тараптуу мамилелерге доо кетирет деп билдирди. “Америка Кошмо Штаттары 2016-жылы Түркияда болгон  төңкөрүш аракетине катышкан эмес жана аны дароо айыптаган. Түркиянын жогорку даражалуу аткаминерлеринин акыркы дооматтары толугу менен жалган”, – деди ал басма сөз жыйынында.

Прайс Түркиядагы окуялар үчүн АКШны жооптуу деп эсептеген мындай дооматтар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө, ошондой эле НАТОдогу Анкара-Вашингтон альянсына карама-каршы келет деп баса белгиледи. Кечээ, 4-февралда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу АКШнын мурдагы администрациясын 2016-жылдын июль айындагы ишке ашпай калган Түркиядагы аскердик төңкөрүшкө катыштыгы бар деп айыптаган.

“15-июлдагы төңкөрүштүн артында АКШ турганы айдан ачык”, – деп билдирген Сойлу “Hürriyet” басылмасына берген маегинде.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 16-июлда Түркияда аскердик төңкөрүш жасоого аракеттери болгон. Анда 250 киши каза таап, 2000ден ашууну жаракат алган. Анкара бул ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында динаятчы Фетхуллах Гүлен турарын айтып, АКШдан аны экстрадициялоону талап кылган. Гүлен бардык айыптоолорду четке каккан.

Комментарий жиберүү