Медведев: Украинаны НАТОдода, Евробиримдикте эч ким көргүсү келбейт

Эми Украинаны НАТОдо эч ким күтпөйт жана Түндүк Атлантика альянсына мүчө болбосо, аны Евробиримдиктен көргүсү келбей турганы анык.

Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram-каналына жазганын РИА Новости билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда НАТОдо Украинаны күтүп турган эч ким жок. Эгер Киев НАТОго мүчө боло албаса, анад аны Евробиримдик да көргүсү да келбейт деп эсептейт.

“Нейтралдуу макам боюнча баары туура. Бирок Евробиримдикке мүчө болуу боюнча… Алар мунун жалган экенин билишет да. Киев канчалык европалык идилияга сүңгүп кетүүнү кыялданбасын, НАТОго мүчө болмоюнча анын эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Азыр НАТОдо Украинаны эч ким күтпөйт. ЕБ аны көргүсү келбейт, бул өтө кымбат жана кооптуу. Ошондуктан алар суррогаттарды сунушташат. Ансыз деле акылсыздык менен баш калкалаган качкындар аларга жетиштүү”, – деп жазды ал.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы операция баштагандан кийин НАТО өлкөлөрү Украинаны курал-жарак, ок-дары жана башка аскердик жабдуулар менен камсыз кылып келишет.

НАТО – 1949-жылы 12 өлкөнүн макулдугу менен түптөлгөн Түндүк атлантикалык келишим уюму. Ал негизделгенден баштап ага АКШ, Британия, Канада жана Франция баштаган өлкөлөр мүчө болуп келе жатат.

Бул уюмдун алкагында мамлекеттер эгер сырттан куралдуу кол салуу уюштурулса, бири-бирине жардамга келүүнү макулдашышкан.

Комментарий жиберүү