ММК: Талибан Кабулду бир-үч айдын ичинде колго алат

Америкалык аскерлер Ооганстандагы кырдаал тездик менен начарлап баратканын жана Талибан кыймылы өлкөнүн борборун бир-үч айдын ичинде басып алышы мүмкүн экендигин билдиришти.

Бул тууралуу The Washington Post гезити Пентагондогу булактарына таянып жазып чыкты.

Белгилей кетсек, талибандар америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин акыркы бир нече жума ичинде өлкөдөгү чабуулдарын кыйла күчөтүшүп, 34 провинциясын дагы алты административдик борборлорун ээлеп алышкан.

Эксперттердин айтымында 2-3 ай аралыгында талибандар Кабулду колго алышышы мүмкүн, ошентип 9га жетпеген провинция калат.

Кызыл Крест учурда өлкөнүн экинчи чоң шаары Кандагар үчүн катуу кармаш жүрүп жатканын кабарлады. 

Эске салсак, бир күн мурун талибандар ушул кезге чейин басып алган эң чоң шаарды – Кундузду басып алышкан, бул ошол эле провинциянын борбору, Баглан менен ооган-тажик чек арасында жайгашкан.

 Кундузда Аба күчтөрүнө таандык маалыматка ылайык, жүздөгөн өкмөттүк аскерлер талибандарга багынып беришкен. 

Европа Биримдигинин маалыматы боюнча, талибандар өлкөнүн 65% аймагын көзөмөлдөйт. 

Ал эми Американын президенти Жо Байден америкалык аскерлерин өлкөдөн чыгарып кеткенине эч өкүнбөй турганын билдирген.

Аскердик эксперттер эгерде өкмөттүк күчтөр жеңилип калса, Ооганстан эл аралык терроризмдин жаңы базасына айланышы мүмкүн экенин эскертишет.

Комментарий жиберүү