НАТОнун кийлигишүү тууралуу билдирүүсү

KFOR эгер Косовонун түндүгүндө стабилдүүлүккө коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр экенин билдирди.

НАТОнун Косово күчү (KFOR) эгер Косовонун түндүгүндө стабилдүүлүккө коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр экенин билдирди.

Косовонун түндүгүндөгү коопсуздук абалынын чыңалганын белгилеген НАТО: «НАТОнун Косово күчү кырдаалга кылдаттык менен байкоо салып жатат жана ырааттуулукка коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр»,-деп билдирди.

Косоводо жашаган сербдер менен кошо бардыгынан бүгүндөн тарта Косово күбөлүгү жана номери талап кылына турганы жарыялангандан кийин Косоводогу сербдер кечээ кечинде Косовонун түндүгүндөгү чек ара бекеттерин жапты.

Косоводо сиреналардын үнү угулуп жатканда өлкөнүн полициясы айрым жерлерде ок атышуулардын болгонун, бирок эч кимдин жабыркабаганын маалымдады.

Косово өкмөтү андан соң билдирүү жасап, бул ишке ашыруунун бир айга кечеңдетилгенин жарыялады.

Сербия 2008-жылы эгемендигин бир тараптуу жарыялаган Косовону дагы деле өзүнүн аймагы катары эсептейт.

Комментарий жиберүү