Окумуштуулар адам коронавирусту канча жолу жуктура аларын аныкташты

Адам COVID-19га каршы вакцина албаса жана вируска каршы чараларды сактабаса, ар бир үч айда коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу бар.

Бул тууралуу чет элидик басылмалар жазды.

2020-жылы коронавирусту кайра жуктуруп алуу өтө сейрек болгон. Бирок кийинчерээк окумуштуулар коронавирус менен ооругандан кийин алынган иммунитет убакыттын өтүшү менен алсырай турганын аныкташкан.

Изилдөөлөргө ылайык, COVID-19 менен ооруп айыккан 65 жашка чейинки адамдар алты айдын ичинде инфекцияны кайра жуктуруп алуудан 80% корголгон болсо, 65 жаштан жогору болгон бейтаптар 47%га гана корголгон.

Адистер коронавирусту кайра жуктуруп алуулар анын жаңы штаммдарынын пайда болушу менен байланыштуу деп эсептешет. Алар негизинен иммундук жоопко көбүрөөк туруштук беришет жана вакциналардын эффективдүүлүгүн төмөндөтүшөт.

Окумуштуулар вирусту кайрадан жуктуруп алуулардын ортосундагы орточо убакыт аралыгы болжол менен алты айды түзгөнүн аныкташкан.

Буга чейин реаниматолог, медицина илимдеринин кандидаты Борис Чурадзе маалымат агенттикттеринин бирине берген маегинде келечекте коронавирус ОРВИ, сасык тумоо жана башка ушул сыяктуу ооруларга окшош болуп каларын айткан. Ал адам коронавирусту орточо эсеп менен үч  жолу жуктуруп алышы мүмкүн экенин билдирген.

Комментарий жиберүү