Окумуштуулар: Дүйнөлүк океандын температурасынын жогорулашы рекорддук чекке жетти

Окумуштуулар дүйнөлүк океандын антропогендик жылуулукту сиңирүүсү рекордук чекке жеткенин билдиришти.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Климат таануучулардын эл аралык тобу глобалдык жылуулуктан улам 2021-жылы океандагы температурасынын рекорддук жогорулашын катташкан.

Маалымат Advances in Atmosheric Science журналына жарыяланган макалада жазылган.

Окумуштуулар 2021-жылы океандардын жылуулук сиңирүүсүнүн өзгөрүшүнө анализ жүргүзүшүп, деңиз суусунун температурасы байкоолордун бүткүл тарыхында рекорддук көрсөткүчкө жеткенине күбө болушкан.

Эң көп жылыган Түштүк жана Атлантика океандары болгон. Буга антропогендик парник газдарынын концентрациясынын жана жылуулук берүүнүн климаттык моделдеринин көбөйүшү себеп болгон.

Бул өзгөрүү океандын экватордук бөлүгүнүн үстүңкү катмарларындагы температуранын өзгөрүшүнө жана глобалдык климатка таасир этүүчү жыл аралык табигый цикл Эль-Нинього байланыштуу.

Океан сууларынын температурасынын жогорулашы бороон-чапкындарды жана катуу жаан-чачындарды көбөйтөт, бул катуу суу каптоо коркунучун жогорулатат.

Жылыган океан суулары Гренландия менен Антарктиданын чоң муз катмарларын жеп, жылына бир триллион тоннага жакын муз ээрүүдө.

Макалада океандагы жылуулук тенденциясы ушунчалык айкын көрүнүп,  адамдын таасиринин издери төрт жылдык байкоолордун ичинде эле абдан билинип жатканы жазылган.

Комментарий жиберүү