Окумуштуулар: Кулакчын дүлөйлүккө алып келет

Учурда жаштар кулакчын менен музыка угууну адатка айландырып алышты.

Адистердин айтымында, кулакчынды күнүнө 1 сааттан ашык пайдаланып, ыр уккан адам эртеби-кеч дүлөй болот.

Кулакчын ден-соолукка терс таасирин тийгизип эле койбостон, коомдо ар кандай жагымсыз окуяларга да себеп болуп келет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча иликтөө жүргүзүп, дүйнөдө 1,1 миллиард жаштар убакыттын көп бөлүгүн кулакчын менен ыр угуп өткөрүшөрүн билдирген. Натыйжада, жер бетиндеги 12-35 жаш аралыгындагы адамдардын басымдуу бөлүгүнүн угуу жөндөмдүүлүгү начарлап кеткенин аныкташкан.

Маалыматка ылайык, учурда дүйнөдө жогоруда белгиленген жаш аралыгындагы 43 миллион адам дүлөй. Алардын 40 пайызы түнкү клубтарда убактысын өткөрүп, кулакчынды колдонгондор болуп саналат.

Адистер кулакчындын зыяндуу экенин элдин басымдуу бөлүгү билишсе дагы ага болгон талап өтө жогору болуп жатканын баса белгилешип, бийик үндүү музыка адамды дүлөй кылып гана койбой, нерв ооруларына дагы алып келерин эскертишет.

Ошондой эле, эң негизгиси кулакчынды көп убакыт колдонбоо керектигин айтышууда. Аны маал-маалы менен колдонсо, кулакчындын терс таасирин жокко чыгаруу мүмкүн.

Комментарий жиберүү