Коронавирустун “омикрон” штаммы дельтадан айырмаланып, орто дем алуу жолдоруна таасир этет.
Бул тууралуу АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарынан келген генетик-окумуштуу Дмитрий Прусс билдиргенин Lentа.ru жазды.
Анын айтымына караганда, дельтадан айырмаланып, вирус өпкөгө кирүүнү көздөбөй, орто дем алуу жолдоруна чабуул жасайт.
Эксперттин айтымында, штаммдын мындай жайылышы COVID-19дун оор түрү менен ооруган адамдарда байкалган.
“Омикрон үчүн ортоңку дем алуу жолдорунун бронхиолити көбүрөөк мүнөздүү. Ал эми дельта үчүн – өпкөнүн тереңирээк жабыркашы”, – деп түшүндүрдү генетик.
Буга чейин, орусиялык реаниматолог Михаил Чуйко омикрон штаммынын белгилери тууралуу айтып берген. Анын айтымында, инфекциянын жаңы варианты өтө жугуштуу жана анын алгачкы белгилери жуккандан кийин 1-3 күндө эле билинет.