Ооганстанда кыздар мектептин жабылышына каршы чыгышты

Ооганстандын чыгышындагы Пактия провинциясында ондогон кыздар 10-сентябрда мектептин күтүүсүз жабылышына каршы акцияга чыгышты. Билим уясында сабактардын жанданганына бир нече эле күн болгон жана алтынчы класстан жогоркуларга мектепке барууга уруксат берилген. Провинциянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы “Азаттыктын” ооган кызматынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Ал эми талибдердин өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид Пактияда мектептерди жабуу тууралуу буйрукту ким бергенин иликтеп жатышканын билдирди. “Талибан” кыймылы бир жыл мурда бийликке келгенде алтынчыдан жогорку класстарда окуган кыздарга мектепке барууга тыюу салган. Кийин ички жана тышкы басымдан улам кыздарга билим алууга уруксат берүү үчүн комиссия түзүлгөн. Бирок анын ишинен эч кандай жыйынтык чыга элек.

Save the Children уюмунун 10-августта жарык көргөн баяндамасында “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) “бийликке келген бир жыл ичинде ооган кыздарынын жашоосу талкаланды” деген бүтүм чыгарылды.

Ага ылайык, Ооганстанда кыздардын төрттөн бир бөлүгү депрессияга батканы аныкталган. Жалпы балдардын 80% өткөн айда ачка жатышканын айтышкан. Алардын басымдуу бөлүгү кыздар. Кыздардын 90% акыркы жылы тамак-аш жетишсиздигинен арыктап, керек болсо ойной да албай калышканын билдиришкен.

Баяндамада секелектердин психикалык жана психосоциалдык абалы коркунучта экени белгиленет. Уюмдун сурамжылоосуна катышкан кыздардын көбү мектепке бара албаганына нааразычылыгын билдирип, келечегин көрө албастыгын айтышкан.

Комментарий жиберүү