Ооганстандын бийлиги өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөй албай калды

Талибдердин билдирүүсү боюнча,  Ооганстандагы кырдаал өкмөттүн көзөмөлүнөн толугу менен чыгып кеткен.

 Бул тууралуу РИА Новостиге радикалдуу талибдер кыймылынын расмий өкүлү Забиулла Мужахид билдирди.
«Абал толугу менен өкмөттүн көзөмөлүндө эмес, Мазари-Шариф жакында кулайт. Биз дагы орточо ылдамдык менен калган башка шаарларга көчүүгө аракет кылып жатабыз », – деди ал.
Белгилей кетсек, акыркы айда америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгып кетүүсүнөн улам, талибдер өлкөдөгү чабуулдарын кыйла күчөтүштү.
 Эске салсак, 6 -августта талибтер Ооганстандын түштүк – батышындагы Нимроз провинциясынын борбору Заранжды ээлеп алышканын жарыялашкан. Зарандж 2016 -жылдан бери талибдердин колуна өткөн биринчи провинциянын борбору. Ошондон кийин алар Ооганстандын 34 провинциясынын дагы бешөөнүн административдик борборлорун ээлеп алышкан.
Мындан тышкары, согушкерлер Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Кытай жана Пакистан менен чектешкен аймактардагы эбегейсиз аймактарды басып алууга жетишкен. Кырдаалга байланыштуу Иран Ислам Республикасы Ооганстан менен бардык алакаларын, анын ичинде дипломатиялык, соода мамилелерин токтоткон.

Комментарий жиберүү