Орусияда коронавируска каршы вакцина сагыз түрүндө чыгарылат

Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук илимий-изилдөө институту коронавирустук инфекцияга каршы препаратты сагыз түрүндө иштеп чыгууну баштады.

Бул тууралуу РБК агенттигине ведомствого жакын булак билдирди.

Булактын айтымында, ишти Коргоо министрлигинин № 48 Борбордук илимий-изилдөө институту жүргүзүп жатат.

Буга чейин, бул аскердик институт Гамалея атындагы илимий-изилдөө борбору менен биргеликте COVID-19га каршы “Спутник V” вакцинасын иштеп чыгууга катышкан.

Бул маалыматты Борбордук илимий-изилдөө институтунун директору полковник Сергей Борисевич РБКга тастыктады.
“Ооба, бул багытта иш жүрүп жатат”, – деди ал РБКга.

Булактын айтымында, институттун адистери коронавируска каршы вакцинаны чайналуучу  таблеткалар жана пастилалар түрүндө иштеп чыгууда.

“Препарат сыноодон өткөндөн кийин коронавирустук инфекцияны дарылоо жана алдын алуунун ар кандай схемаларына киргизилет”, – деп билдирди булак.

Коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү үчүн препарттардын ар кандай түрлөрүн Орусиянын башка илимий мекемелери да иштеп чыгууда.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Федералдык медико-биологиялык агентствосунун (ФМБА) түзүмүнө кирген Иммунология Институту коронавируска каршы препаратты мурунга себилүүчү спрей түрүндө жасап чыгарып, патент алган.

Препарат МИР-19 деп аталган.

“Бул препарат адамдар үчүн коопсуз, адамдын геномуна жана иммунитетине таасир этпейт, бирок ошол эле учурда вирустун өөрчүшүн жана эң оор түрлөрүнүн алдын алууда эффективдүү”, – деп билдирген ФМБАнын башчысы Вероника Скворцова.

Комментарий жиберүү