Орусия жазалагысы келген украин легионерлери

Украинанын чыгышындагы жикчилдердин соту украин армиясынын катарында согушкан эки британиялык жана бир морокколук жаранды өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм чыгарды. Британ тарап Орусия көзөмөлдөгөн аймакта каралган бул ишти “Советтик доордогудай көргөзмө сот” деп атады. Украина жана Батыш өлкөлөрү бул аскерлерди согуш туткундары деп сыпаттаса, Орусия аларды “жалданма жоокерлер” деп мүнөздөп жатат. Украинадагы урушка катышкан чет элдик жарандарды кандай тагдыр күтөт?

Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн эл аралык коомчулук тааныбаган соту 9-июнда украин тарапта согушкан алгачкы чет өлкөлүктөргө өкүм чыгарды.

Сот британ жарандары Шон Пиннер менен Эйден Эслинди жана марокколук Брагим Саадунду жалданмачылыкка жана Донецктеги бийликти куралдуу басып алуу аракетине айыптуу деп таап, аларды өлүм жазасына тартуу тууралуу чечим чыгарды.

Прокурорлор үч чет өлкөлүктү “террордук ишмердик жүргүзүү максатында атайын даярдыктан өткөн” жана Украинада “акча үчүн” согушкан деп да айыптаган болчу.

“Прокурорлор көрсөткөн далилдер сотко “күнөөлүү”деген өкүм чыгарууга негиз берди. Айыпталуучулардын баары, бири калбай, күнөөлөрүн мойнуна алганын эске салбай эле коелу”, – деп билдирди Донецктеги жикчил түзүмдөрдүн Жогорку сотунун судьясы Александр Никулин.

Орусиянын таасиринде турган аймактын мыйзамдарына ылайык, өлүм жазасы ишке ашырыла турган болсо, үч чет өлкөлүк аскер атууга кетиши мүмкүн. Бирок алардын сот өкүмүнө каршы даттанууга бир айлык мөөнөтү бар. Адвокаттары кийинки инстанцияга арызда турганын айтышты.

Айыпталгандардын бири Эйден Эслин соттон “адилеттүүрөөк” чечим күткөнүн, бирок ал үмүтү аткарылбаганын “Associated Press” жаңылыктар агенттиги жарыялаган видеодо айтты.

“Мен тергөөгө жардам бергенимди жана “Донецк элдик республикасына” багынып бергенимди эске алганда сот өкүмү адилеттүүрөөк болот деп үмүттөнгөм. Чечим башкача болсо, жакшы болоор эле. Бирок убакыт келгенде кудай гана мага өз баасын берет”, – деди Аслин.

Жикчилдер согуш туткундарын соттодубу?

Британ жарандары Шон Пиннер (ортодо), Эйден Эслин (солдо) жана морокколук Брагим Саадун Донецктеги сот залында, 7-июнь 2022-жыл.
Британ жарандары Шон Пиннер (ортодо), Эйден Эслин (солдо) жана морокколук Брагим Саадун Донецктеги сот залында, 7-июнь 2022-жыл.

Бул Орусия көзөмөлдөгөн аймактарда украин легионуна кирген чет өлкөлүктөргө чыккан алгачкы өкүм деп мүнөздөлүп жатат. Донецктеги талаштуу сот болгону үч күнгө созулуп, ага көз карандысыз журналисттер киргизилген жок. Видеолордун көбүн Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары таратып жатты.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс соттун өкүмүн “эч кандай мыйзамдык күчү жок жасалма чечим” деп атап, Орусиянын “кол балдары” камакка алган согуш туткундарын бошотуу аракеттери тууралуу Украинанын башкы дипломаты Дмитрий Кулеба менен сүйлөшкөнүн “Твиттерге” жазды.

Улуу Британияда Эйден Эслиндин үй-бүлөсү жашаган округдан парламентке депутат болуп шайланган Роберт Женрик Донецктеги чет элдик аскерлерге чыккан сот өкүмүн “эл аралык мыйзамдарды одоно түрдө бузуу” деп баалады. Ал “орус бийлиги башкаларга мисал кылып көрсөтүү үчүн аларды өлтүргөнү жатканын” белгиледи.

“Бул чынында көз боёмочулук менен өткөрүлгөн көргөзмө сот. Айыптарды бекемдеген эч бир далил жок. Эми эки британ жаранын өлүм жазасы тооруп турат. Алар жалданма аскерлер эмес. Алар Путин Украинага мыйзамсыз басып киргенге чейин эле жеке себептери менен украин армиясына кошулууну чечкен британ жарандары”, – деди Женрик.


Орус тарап үч чет өлкөлүктү “жалданма аскерлер” деп мүнөздөсө, расмий Киев, Британия сыяктуу Батыш өлкөлөрү жана соттолгондордун жакындары бул аскерлер согуш туткундары экенин билдирип жатат. Женева конвенциясына ылайык, согуш туткундары кол тийбестикке ээ болот жана урушка катышканы үчүн жоопко тартылбашы керек.

Расмий Киев Донецктеги соттук ишти “пропаганда максатын көздөйт” деп атап, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн катарында согушкан бардык чет өлкөлүктөр украин армиясынын кызматкери деп саналарын эске салды жана үч чет өлкөлүк аскер согуш туткундары катары корголууга тийиш деп билдирди.

Буга окшош позициясын 10-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсеси да жарыялады.

“Украинанын башкы командачылыгынын маалыматына ылайык, бул кишилердин баары украин куралдуу күчтөрүнүн катарында болчу. Андай болсо алар “жалданма аскер” деп саналбайт”, – деп билдирди кеңсенин басма сөз катчысы Равина Шамдасани.

Донецктеги жикчилдердин аймагында соттолгон үч чет өлкөлүк аскер Орусия Украинага басып киргенге чейин эле бир нече жыл бою украин куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп келген.

Морокколук Саадундун атасы Тахер Саадун улуунун украин паспорту бар экенин араб тилиндеги “Мадар 21” гезитине айтып, орус тараптын аны “жалданма аскер” деп мүнөздөгөн билдирүүлөрүн четке какты.

BBC кабарлагандай, 28 жаштагы Эйден Эслин менен 48 жаштагы Шон Пиннер 2018-жылдан бери Украинада жашайт. Эслин украин жаранына үйлөнгөнү жаткан. Британ жарандары апрель айында Мариуполдогу, Морокконун атуулу Волновахадагы кармаштарда туткундалган.


Январь айында, Орусия Украинага кол салаар алдында Шон Пиннер Мариуполдон анча алыс эмес аймакта Sky News телеканалына маек куруп, эмне үчүн украин армиясына кошулганын түшүндүрүп берген.

“Мен украин жаранына үйлөнгөм. Бул жерде болууга толук укугум бар. Бул жакка жуурулушуп кетүүгө көп убакыт кетти. Андыктан бул жердеги балдар менин жөн гана согуш туристи болбогонумду билишет”, – деп билдирген Шон Пиннер.​

Украин легионуна агылган чет өлкөлүктөр

Украин легионундагы чет элдик аскерлер Северодонецк аймагында, 2-июнь 2022-жыл.
Украин легионундагы чет элдик аскерлер Северодонецк аймагында, 2-июнь 2022-жыл.

Бир катар байкоочулар жикчилдер өлүм жазасына тартууну көздөп жаткан чет өлкөлүк аскерлердин тагдыры саясий сүйлөшүүлөрдүн темасына айланышы мүмкүндүгүн айтып жатышат. Орусиянын Коргоо министрлиги Британия соңку сот өкүмү боюнча өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөргө доо арыз жолдошу керек экенин билдирди. Бирок расмий Лондон дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу бул түзүмдөрдү тааныбайт жана жикчилдер көзөмөлдөгөн райондорду Украинанын аймагы деп эсептейт. ТАСС жаңылыктар агенттиги “соттун төрагасына” шилтеме кылып, чет өлкөлүк аскерлердин ырайым сураганга укугу бар экенин кабарлады.

Кантсе да Донецкте соттолду деген деген үч чет өлкөлүк жарандын окуясы Украинадагы эл аралык легиондо кызмат өтөгөн аскерлердин макамы тууралуу маселени күн тартибине чыгарды. Ошондой эле Украинада согушуп жүрүп, орус күчтөрүнүн колуна түшкөн чет өлкөлүктөрдүн болочок тагдыры тууралуу санаркоолорго да себеп болду.

Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй президент Владимир Зеленский дүйнөнүн булуң-бурчунда украин армиясына колдоо көрсөтүүнү көздөгөн аскердик тажрыйбасы бар чет өлкөлүк ыктыярчыларды өз өлкөсүнө чакырган.

“Эгер сизде аскердик тажрыйба болсо жана саясатчылардын чечкинсиздигин карап отургуңуз келбесе, биздин мамлекетке келип, Европаны бирге коргосоңуз болот. Азыр бизге бул өтө керек”, – деп айткан Зеленский.

Аны улай украин армиясынын алкагында Эл аралык легион түзүлгөн. Чет өлкөлүк жарандардан арыздарды кабыл алуучу атайын сайт ачылып, чет жактагы украин элчиликтери да бул багытта иш алып бара баштаган.

Март айында Украинанын Коргоо министрлиги орус күчтөрүнө каршы урушка катышуу ниетин дүйнөнүн 52 өлкөсүндөгү 20 миңге чукул адам билдиргенин маалымдаган. Алардын арасында Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн, АКШнын, Австралиянын, Британиянын, Грузия сыяктуу бир топ мамлекеттердин жарандары бар.

Украин өкмөтү ыктыярчыларды гана кабыл аларын, келишим негизде акча үчүн согушууну көздөгөн жалданма аскерлер тандалбай турганын эске салган. Орусиянын Коргоо министрлиги “жалданма аскерлер” уруштун катышуучусу жана согуш туткундары деп эсептелбей турганын эскерткен.

24-февралдан бери канча чет өлкөлүк ыктыярчы Украинага келгени, алардын канчасы урушка түздөн-түз катышып жатканы белгисиз. Башкы кеңселери Нью-Йоркто жана Берлинде жайгашкан Экстремизмге каршы туруу долбоору май айындагы баяндамасында алардын саны бир нече миңдин тегерегинде гана болушу мүмкүн деп билдирди. Уюм украин тарап тыкыр тандоодон кийин гана чет өлкөлүк аскерлерди кабыл алып жатканын бир себеп катары көрсөттү.


Ошентсе да Украинада чет өлкөлүк легиондун өкүлдөрү согуш тилкелеринде жүргөнүн күбөлөгөн маалыматтар утур-утур чыга калып жатат. Маселен, июнь айынын башында “Азаттыктын” украин кызматынын кабарчылары Северодонецк үчүн кармаштарга катышып жаткан ыктыярчылар менен баарлашып келген. Алардын арасында Грузиянын, Франциянын, Австралиянын жана Бразилиянын жарандары болгон.

“Бул грузиялыктардын да согушу. Мен 20 эле жаштамын. Муну туура иш деп эсептейм. Биз орусиялыктарды артка сүрүп чыгарабыз. Балким ага бир нече күн, бир нече ай же жыл кетиши мүмкүн. Ал анчалык маанилүү эмес. Эң башкысы биз тарыхтын туура тарабындабыз”, – деп билдирген украин легионунун мүчөсү, грузиялык аскер Зура Какалидзе.

Украин армиясындагы борбор азиялыктарhttps://www.youtube.com/embed/lrIC1deNG2w?&&&fs=1&enablejsapi=1&rel=0

Украинада согуш башталгандан бери орус күчтөрүнө каршы согушка катышкан борбор азиялыктар бар экендиги да кабарланып келет. Жакында
Казакстандын Аркалык шаарынан чыккан Жасулан Дүйсембин аттуу казак жараны Украинанын армиясынын катарында Орусиянын армиясына каршы согушуп жатканы маалым болду.

Дуйсенбин үч жыл мурда Украинага кетип, украиналык кызга үйлөнгөн жана экөө эки баланы тарбиялап келген. “Азаттыктын” казак кызматына уруштун ортосунда маек куруп, эмне үчүн Орусия кол салгандан кийин украин армиясынын катарына кошулганын түшүндүрдү.

“Орусия Украинаны коркутуп-үркүтүп, опузалап жатат. Бир нерсе болуп кетип, балдарым жабыркап калбаса экен дейм. Аларда украиндердин да каны бар. Аларды коргоо – менин милдетим. Ошондуктан бул жерде жүрөм”, – деди ал.

Жасулан Дуйсенбин өзүнүн социалдык баракчасына согуш тилкесиндеги кырдаалды баяндаган видеолорду байма-бай жарыялап турат. Ал өз мекенинде чет жактагы согуштук аракеттерге катышкан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билет.

“Жалданмачылык тууралуу берене бар экенин билем. Ага алдамчылык беренелерин да кошуп коюшат. Анонимдүү баракчалардан көп коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Мен кайда баратканымды баштан бери эле билгем. Бул жакка келатканда артка жол жок экенин түшүнгөм. Мен Казакстанга кайтып барам деп пландайм. Бирок ушунча согуштан аман калып, Казакстанга баргандан кийин түрмөгө түшүп, жок болуп кетүү акылмандыкка жатпаса керек”, – деди Жасулан Дуйсенбин.

Киевде чачтарач болуп иштеп жүрүп, уруш башталгандан кийин украин күчтөрүнүн катарына ыктыярчы болуп кошулган кыргыз жараны да май айында “Азаттыкка” маек курган. Коопсуздугуна байланыштуу аты жашыруун сакталган 32 жаштагы бул жаран Николаев шаарында жүргөнүн, орус күчтөрүнүн ракета чабуулдары тынымсыз болуп жатканын айтып берген.

“Биздин батальондо жалаң эле украиналыктар. Мага башында ар кандай мамиле кылышчу. Тыңчы катары карашкан учурлар болду. Бирок көбү ыраазычылык билдирип, алкап турат. Биз негизинен салгылашууларга катышпайбыз. Кызыл зоналардан жарадарларды коопсуз аймактарга чыгарып кетүү менен алектенебиз”, – деп билдирген ал.

Бул маалыматты улай Улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык бир жаранга кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк аскерлер украин тарапта гана согушуп жаткан жок. 11-мартта орус президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандарга Украинадагы согушта Орусияны колдогон күчтөрдүн катарында ​күрөшүүгө уруксат берүү демилгесин колдогон. Аны улай Орусия “Вагнердин жеке аскер түзүмүн”, Чеченстандагы Кадыровдун жалданма аскерлерин, сириялык жалданмаларды майданга тартканы кабарланган.

Украинада согуш башталгандан бери келишимдик негизде орус армиясында кызмат өтөгөн, Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандыктар да аз эмес. Буга чейин Украинада согушта каза болгон орус паспорту бар бир нече жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, жерге берилген.

Коопсуздук боюнча адистер Украинадагы согушта эки тарапта тең борбор азиялыктардын саны ачыкка чыккандан алда канча көп болушу мүмкүн деп боолгошот.

Кубат Касымбеков

Комментарий жиберүү