Орусия НАТОнун кийлигишүүсүнө нааразычылыгын билдирди

Орусиянын ТИМнин басма сөз катчысы НАТОнун өлкөнүн ички ишине ачыктан-ачык кийлигишип жатканын айыптады.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова “НАТО жана Европа Биримдиги Москванын ички ишине ачыктан-ачык кийлигишип, өлкөдөгү нааразычылык акцияларын уюштуруп жаткан кыймылдарды колдоп жатышат”, – деп билдирди.
Ал бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Орусиянын иштерине чет өлкөлүк кийлигишүү фактыларын иликтөө боюнча комиссиясынын жыйынында сүйлөдү.
“Өлкөбүздүн саясий жана экономикалык тармагын чектөө үчүн, ал гана эмес, илимий-өндүрүштүк комплексти жана жалпы эле өлкөбүздүн өнүгүшүн чектөө үчүн НАТО кеңири куралдарды – алардын ичине эл аралык түзүмдөрдү айланып өткөн мыйзамсыз санкциялардын механизмдерин, өлкө жөнүндө жалган маалыматтарды жарыялоо менен саясий провокация жана компромисстерди колдонуп жатышат. “Азыркы учурда биз НАТО жана ЕБ түзүмдөрү бул чектөө үчүн дагы бир жолду кандайча колдонуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Бул элдик нааразычылык кыймылдарды козутуу менен ички саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган түздөн-түз кийлигишүү”, – деди Мария Захарова.

Комментарий жиберүү