Орус кызды калькулятор менен чапкан кыргыз жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынды

Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлиги “SMagic” балдар паркындагы кассадагы кызды чапкан Кыргызстандын жаранына 10 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салды.

Белгилей кетсек, Орусиянын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын Бишкектеги Технопарк соода жана оюн-зоок борборунда орус тилдүү кызга кол салууга байланыштуу болгон окуяны текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде, өлкөгө кирүугө уруксат бербөө чечимин кабыл алды.
“1992 – жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А. Али (Орусия Федерациясынан чыгуу жана кирүү тартиби жөнүндө) федералдык мыйзамдын 27 -беренесинин биринчи бөлүгүнүн 1 – пунктчасына ылайык, 10 жылдык мөөнөткө тыюу салынат “, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, окуядан соң, бул теманы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары – Сергей Миронов, Владимир Жириновский, ошондой эле Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин кызуу талкуулап жатышат.
Ал эми Кыргызстандын жарандык активисти Ассоль Молдокматова Жириновскийдин акыркы кескин билдирүүлөрүнө карата өз  пикирин жарыялаган. Анын айтымында, маселени татаалдаштырып, жылдап түзүлгөн эки өлкөнүн алакаларын үзүп коюу оңой. Бирок кайра калыбына келтирүү үчүн көп күчтөр талап кылынат. Ассоль Жириновскийге кайрылып, этникалар аралык кысымдар боюнча абалды Орусияда да көзөмөлдөөнү талап кылды.

Комментарий жиберүү