Пекин Ооганстанга 30 млн. доллар чукул жардам көрсөтөт

Кытай бийлиги Ооганстанга 200 миллион юань (30 млн. долларга жакын) чукул жардам бере тургандыгын билдирди.

Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И айткандыгын ТАСС агенттиги жазды.
Белгилей кетсек, Ван И бул жөнүндө Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери катышкан онлайн жолугушууда сүйлөдү.
Дипломат Кытайдын жардамы ооган элинин муктаждыктарына байланыштуу көрсөтүлөрүн белгиледи.
Кытай ТИМ башчысынын айтымында, Пекин Ооганстанга азык-түлүк, кышкы товарлар, вакциналар жана дары-дармектерди жөнөтөт. “Керектүү шарттар пайда болгондо, анын ичинде коопсуздук жаатында, Кытай Ооганстанга реконструкциялоого жана элдин жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет», – деп кошумчалады ал онлайн конференцияда.
 Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 8-сентябрда Кытай, Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин жетекчилеринин онлайн жолугушуусу уюштурулганын билдирген.
Консультациялар Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланган күндүн эртеси өттү жана анын курамына радикалдуу “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү кирген.
Эске салсак, буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин эл аралык коомчулук Ооганстандагы кризисти чечүүдө практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн күч-аракетин бириктирип, көңүл буруусу зарыл экенин айткан.

Комментарий жиберүү