Пелосинин Тайванга сапарына кытайлык өкүл каршылык көрсөттү

Чжан, Пелосинин Тайванга жасай турган сапары тууралуу сереп салды.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь, АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарынын Кытайдын эгемендигине доо кетирерин айтты.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин август айындагы төрагалыгынын Кытайга өткөрүлүп берилгенине байланыштуу маалымат жыйын уюштурган Чжан, Индо-Тынч океан жолугушууларынын алкагында Пелосинин Тайванга жасай турган сапары тууралуу сереп салды. 

Чжан, Пелосинин Тайванга ыктымалдуу сапары үчүн: «Мындай визит Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө, Тайвань кысыгындагы тынчтыкка жана коопсуздукка доо кетирет, ошондой эле Пекин менен Вашингтондун ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизет»,- деди.

Нэнси Пелосинин сапарынын Кытай үчүн чоң коркунуч жана провокация болоорун, бул үчүн чечкиндүү чараларды көрө тургандарын белгилеген Чжан, АКШны өлкөсүнүн жеринин бүтүндүгүн урматтоого чакырды.

Чжан Цзюнь: «Тайвань, өлкөмдүн ар бир өлкө менен болгон мамилесинде кызыл сызык. Биз бул боюнча бекем позицияны карманабыз жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин коргоо үчүн колдон келгендин баарын кылууга чечкиндүүбүз»,-деп айтты.

Комментарий жиберүү