Путин быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясына катышпайт

Россиянын президенти Владимир Путин быйыл сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына барбайт жана онлайн форматта да катышпайт.

Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалыматка караганда, сессияда орус делегациясын өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектейт.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү жумасында уюмдун штаб-квартирасы жайгашкан Нью-Йоркто президенттер, премьер-министрлер жана министрлердин катышуусунда өтөт. Быйыл 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин болот.

Башкы Ассамблеянын акыркы, 76-сессиясы 2021-жылдын 14-сентябрында өткөн.

Комментарий жиберүү