Рахмон Иранга эмнеге барды?

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-майда Ирандын президенти Ибрагим Раисинин расмий чакыруусу менен Тегеранга барды. Бул тууралуу иран басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, Рахмонду Иранга Тажикстандын тышкы иштер, энергетика, экономикалык өнүгүү, транспорт жана каржы министрлери, башкы прокурору, ошондой эле бир катар расмий бийлик өкүлдөрү коштоп барган.

Аны аэропорттон Ирандын энергетика министри  Али Акбар Мехрабян тосуп алган.

Рахмон Иранга болгон эки күндүк расмий сапарынын алкагында ирандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле эки өлкөнүн жогорку делегацияларынын консультациялары болуп, экономикалык, илимий, саясий жана маданий тармактарда кызматташуу боюнча документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.Тараптар Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу аймактык коопсуздук маселелерин да талкуулашары жокко чыгарылбайт. Ирандын Маданий мурас, кол өнөрчүлүк жана туризм министри Эзатолла Заргаминин айтымында, Тажикстандын президенти менен маданият жана туризм тармагында кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.”Көптөгөн тажикстандыктар Иранга өлкөнүн саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматтарынын жогорку сапатынан улам келгиси келет. Ошондуктан биз региондук туристтер биздин республикага арзан жана ыңгайлуу келишине кам көрөбүз”, – деди ал.Белгилей кетсек, Ирандын президенти Ибрагим Раиси 2021-жылдын сентябрь айында тажик кесиптешинин чакыруусу менен Душанбеге  барып, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышкан.Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү кызматташуу боюнча 8 документке кол коюшкан. Ошондой эле бул сапарда 15 жылдан кийин Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө болуу арызы акыры кабыл алынган.

Эске салсак, май айынын орто ченинде Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мухаммед Багери Тажикстанга сапары менен барып, Душанбе шаарында ачылган ирандык  “Ababil 2” учкучсуз учактарын чыгаруучу заводдун ачылышына катышкан.

Ирандык генерал заводдун ачылышын эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгындагы бурулуш учур катары сыпаттаган.

Комментарий жиберүү