Россияда “Сахих аль-Бухари” жыйнагы экстремисттик китептердин тизмесине кошулду

Россия Федерациясынын Юстиция министрлиги экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине «Сахих аль-Бухари» хадистер жыйнагын киргизди. Бул тууралуу “IslamNews” кабарлады.

ТЫЮУ САЛЫНГАН КИТЕПТИН ТОЛУК АТАЛЫШЫ: «Сахих аль-Бухари» (Кыскача баяндама) Мухаммед пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жашоосунан алынган ишенимдүү кабарлар. “Ишенимдүү жыйнактагы” хадистердин так түшүндүрмөсү. Имам Абу аль-Аббас Ахмад бин Абд аль-Латыф аз-Зубайди тарабынан түзүлдү, араб тилинен Абдулла Нирша которду. Оңдолуп, 5-басылышы. М.: Умма, 2007, 960-бет (басмакана №4).

Россия территориясында “Сахих аль-Бухаринин” тыюу салынбаган башка котормолору жана басылыштары бар.

29-августта Россияда тыюу салынган материалдардын жаңыланган тизмесине 5 материал кошулду, алардын 3ү Ислам динине тиешелүү китептер. Владимир Ниршанын котормосундагы “Сахих аль-Бухариден” тышкары, Абд ар-Рахман ас-Саадинин комментарийлери менен «Ыйык Курандын тафсири» жана Ибн Хаджар аль-Аскалянинин “Булуг аль-Марам” китеби бар.

РФнын мыйзамына ылайык, Россия аймагында таратуу максатында экстремисттик эсептелген материалдарды жайылтууга, сактоого тыюу салынат. Таратуу максаты жок сактоо үчүн жоопкерчилик каралган эмес.

Комментарий жиберүү