Россия Байкоңурдан Ирандын спутнигин орбитага учурду. Видео

Бүгүн, 9-август “Байкоңур” космодромунан россиялык “Союз-2.1б” ракетасы Ирандын “Хайям” деп аталган спутнигин орбитага ийгиликтүү учурду.

Бул тууралуу  орус ЖМКлары жазды.

Ракетанын учурулушун “Роскосмос” мекемесинин сайты түз алып көрсөткөн.

Роскосмостун башчысы Юрий Борисов ракетанын учурулушу орус-иран эки тараптуу кызматташтыгындагы маанилүү учур болгонун айтты.

Тегеран спутник илимий изилдөөлөргө, анын ичинде айыл чарба максаттары үчүн экологиялык радиацияга мониторинг жүргүзүүгө багытталганын билдирди.

Ирандын спутниги менен бирге 16 чакан аппарат ( CubeSX-HSE-2, “Монитор-1”, UTMN, CYCLOPS, Siren, “КАИ-1”, “Кузбасс-300”, Skoltech-B1, Skoltech-B2, Polytech Universe-1, Polytech Universe-2, Vizard, “Геоскан-Эдельвейс”, MIET-AIS, ИСОИ жана ReshUCube ) дагы учурулган.

Бул спутниктерди россиялык алдыңкы университеттер, компаниялар жана коммерциялык эмес уюмдар жасашкан. Чакан аппараттар илимий жана технологиялык изилдөөлөргө, анын ичинде спутниктер аралык байланыштын технологияларын сыноого, электромагниттик нурлануунун деңгээлин өлчөөгө, Жерди алыстан зонддоо жана экологиялык кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн арналган.

Эске салсак, өткөн айда Россиянын президенти Владимир Путин Тегеранга иш сапары менен барып, Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи жана президенти Ибрахим Раиси менен жолугушкан.

Комментарий жиберүү