Садыр Жапаров депутаттарды мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселеде жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесине чекит коюу керек болгон тарыхый күн экенин белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров жалпы өлкө үчүн тарыхый жана жооптуу учурда өз пикирин билдирүү үчүн бүгүнкү маселени талкуулоого өзүнүн катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз баяндамасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзбек тарап менен бул маселе кандай чечилип жатканын кеңири айтып берди.

Мамлекет башчы Кемпир-Абаддын астындагы жер кетип жатат деп ызы-чуу салып жаткан жарандарга мындай джеп кайрылды:

“Суу астында жаткан 4 миң 127 гектар жер 1965-жылы эле Өзбекстан менен алмашып кеткен. Ошого карабастан ызы-чуу чыгарып, кокус Кемпир-Абад кургап кетсе суу астында жаткан жер Өзгөндө калсын деп кыйкырып жатасыздар. Биринчиден, суу кургабайт, дагы кылымдар бою суу агат. Суу кургап кетсе жашоо жок, адам баласынын жашоосу токтойт.

Экинчиден, макул, суу түгөнүп, суу сактагыч кургап кетти дейли, ордуна теңме-тең берип, ошол замат алмашып алсак болот. “Айланайын” деп алмашат. Анткени аларга суудан бошогон таш, кум баскан сайдын кереги жок. Ал жерге пахта эге албайсың, же шалы эге албайсың.

Үчүнчүдөн, кыйкыргычтар “бүгүнкү келишимге киргизип, Өзбекстанга башка участоктон жер берип, суунун алдында жаткан жерди алып бергиле” деп жатышат. Эгерде бүгүн силерге чек аралаш жерлерден 4 миң гектар айдоо жерин берели, суу кургап кетсе суунун астындагы жерлер Өзгөнгө калсын десек “айланайын” деп макул болушат. Анткени, алар суу 100-200 жыл, дагы бир нече кылымдар бою жатарын билишет. Ага чейин бул жерди колдоно берели деп дароо макул болушат”.

Ошондой эле Садыр Жапаров Өзгөндүн жашоочуларына кайрылып, суу астында жаткан жерди 10 же 100 жылдан кийин да алмашып алса болорун айтты.

“Бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алалы. Бир эле Өзгөн менен маселе чечилип жаткан жок. Бүтүндөй Кыргызстан боюнча 1,5 миң километрге жакын чек ара маселесине чекит коюлуп жатат”, – дейт мамлекет башчы.

Мамлекет башчысы депутаттарга кайрылып, мамлекеттин тагдырына таасир эте турган чечимдерди кабыл алууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

“Албетте, баарыңарды айткандан алысмын, бирок айрым депутаттар добуш бербейм, өкмөт менин суранычымды аткарбай жатат деп жатышат. Жеке маселебиз менен келсек мейли колдобой эле койгула, бул маселе мамлекеттин түбөлүк бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн кабыл алынып жаткан мамлекеттик маселе. Бул маселеге жеке таарыныч менен мамиле кылган туура эмес, урматтуу депутаттар”, – деп баса белгиледи ал.

Комментарий жиберүү