Сауд Арабиянын Йеменге каршы 6 жылдык согушунана канча адам курман болду?

БУУнун тиешелүү комитети отчетунда 2015-жылы Сауд коалициясы Йеменди басып алгандан бери аба соккуларынан кеминде 18 миң йемендик карапайым киши курман болгонун билдирди.

Russia Today агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан дайындалган эксперттер Адам укуктары боюнча кеңешке өз отчетунда йемендиктерге күнүнө 10го жакын же 2015-жылдын март айынан бери 23 миңден ашуун аба чабуулу жасалганын айтышкан.
 Отчетто Йемендеги бардык аба чабуулдары Сауд Арабия башында турган коалиция тарабынан жасалгандыгы баса белгиленген.
Эске салсак, Сауд коалициясы 2015-жылдын март айынан бери кулатылган Мансур Хадинин өкмөтүнө мыйзамдуулукту калыбына келтирүү шылтоосу менен Йеменди басып алды жана аны кургактыкта, абада жана деңиз курчоосуна алды, бирок бул агрессиялар жана санкциялар Йемен эли үчүн ачарчылыктан жана өлтүрүүдөн башка эч нерсе пайда болгон жок.

Комментарий жиберүү