Сауд Аравиясында алгачкы жолу аялдарга мечиттерде иштөөгө уруксат берилди

БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Мединадагы эки ыйык мечиттин башкармалыгынын мүдүрү шейх Абдель Рахман ибн Абдель Азиз аль-Судейс тарыхта биринчи жолу эки аялды жардамчы кылып жалдады.

Алар;  Аль-Ануд аль-Абуд жана Фатима аль-Рашуд деген айымдар.
Белгилей кетсек, кыз-келиндерден дагы бир нече өкүл диний аппаратты өнүктүрүү боюнча бир катар багыттардын башчылары болуп дайындалышты.
 Мындан тышкары, Сауд Аравия дагы 320 аялды мечит иштери боюнча кийинки кызматтарга окутуу ниетин жарыялады.
 Эске сала кетсек, буга чейин ажылык-2021 учурунда Сауд Аравиясынын коопсуздук кызматтарында кыз-келиндер ажыларды коргоо иштерине биринчи жолу тартылгандыгы маалымдалган.

Комментарий жиберүү