Сауд коалициясынын авиасоккусунан Йеменде 70 киши набыт болду

Сауд Аравия баштаган эл аралык коалициянын аба күчтөрү Йемендин Саада шаарындагы  хуситтер  көзөмөлдөгөн түрмөгө абадан сокку уруп, натыйжада ондогон адамдар набыт болду.

Бул тууралуу йемендик “Аль-Масира” телеканалы Саада провинциясынын бийликтерине таянуу менен билдирди.

“Ооруканалар каза болгондор менен жарадарларга толуп калды, дары-дармектер жетишсиз болууда”, – деп айтылат провинциянын өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аба соккусунан 70 адам каза болуп, дагы 138и жаракат алган.

Провинциянын бийлиги түрмөгө жасалган соккудан жарадар болгондор үчүн кан тапшыруу өтүнүчү менен калкка кайрылды.

Ошол эле учурда Сааданын саламаттыкты сактоо мекемеси урандылардын астынан жабыркагандарды алып чыгуу үчүн керектүү техникалар жок экенин билдирди.

 “Аль-Маядин” телеканалы бомбаланган түрмөнүн кадрларын көрсөттү, ал жерде адамдар жылаңач колу менен имараттын урандыларын казууга аракет кылып жатышканын көрүүгө болот.

Кечээ, 21-январда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Сауд Аравия коалициясынын Йеменде ондогон жайкын тургундардын өмүрүн алган авиасоккусун айыптады. БУУнун башчысы бул окуяны иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Комментарий жиберүү