Сегиз жолу вакцина алган Жириновский коронавирус менен оор абалда ооруканада жатат

Орусиянын “ЛДПР” фракциясынын лидери Владимир Жириновскийден COVID-19 аныкталып, Борбордук клиникалык ооруканага жаткырылды.

Мындай маалыматты “Интерфакс” жазды.

“Владимир Вольфович азыр коронавирус менен Борбордук клиникалык ооруканада жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Агенттиктин маалыматчысынын айтымында, анын өпкөсүнүн олуттуу пайызы жабыркаган.

Мамлекеттик Думадагы партия лидеринин орун басары Василий Власов Жириновскийдин ден соолугу тууралуу суроого жооп берип жатып, саясатчы өзүн канааттандырарлык сезип жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, Жириновский көптөн бери ар кандай, анын ичинде коомдук иш-чараларга катышпай калганы айтылат. Ошондой эле, ал ЛДПР фракциясынын онлайн жыйындарына да катышкан эмес.

Баса белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында саясатчы коронавирус инфекциясына каршы сегизинчи жолу вакцина алганы кабарланган эле.

Комментарий жиберүү